«Акыркы убакта иштөөгө мүмкүн болбой калды». Депутат этика боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин регламенти менен бирге этика боюнча комиссия түзүү керек. Бул тууралуу депутат Айсара Абдибаева парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын этикасы боюнча комиссияларды түзүү практикасы көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруу органдарында бар.

«Талаш-тартыш бардык жерде болот. Жакшы жакка өзгөрөбүз деп убада бергенбиз, бирок акыркы убакта иштөөгө мүмкүн болбой калды. Парламент интригалардан чыкпай жатат. Этика боюнча комиссия түзүп, ар бир фракцияга, “Элдик” депутаттык топко бирден аял, бирден эркек киши кириши керек. Бул комиссия депутаттардын өзүн кандай алып жүргөнүнө көз салат. Биз бул жакка иштегени, элдин көйгөйүн чечкени келдик», — деди ал.