Депутат: «Патент жокко чыгарылса «Дордой» базарынын ишкерлери кандай иштешет?»

«Патент жокко чыгарылса «Дордой» базарынын ишкерлери кандай иштешет?» — деп сурады депутат Айсулуу Мамашова бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Алар ККМ менен иштеш керекпи? Январдан баштап патент төлөнбөйт. Бир эле “Дордой” эмес, башка базарлар да кандай иштешет?” – деп сурады ал. Экономика министри Данияр Амангелдиев алардын кандай иштеши ишкердин өзүнөн көз каранды деп жооп берди. «Эгер алар ККМ менен иштешсе, патент үчүн төлөшпөйт. Жергиликтүү бюджеттерге патент алуудан баш тарткандардын орду республикалык бюджетке чегерилген трансферттердин эсебинен толтурулат», — деди ал.

Депутат бул режимде канча убакыт иштей аларына кызыкты. «Жүгүртүү 8 миллион сомду түзгөн мезгилге чейин алар салыктан бошотулат, бирок ККМ менен иштешүү шарты менен», — деп жооп берди министр. Депутат товар жүгүртүү 8 миллион сом болсо, анда канчадан төлөй баштай турганын сурады. Министр бул иштин түрүнө жараша болот деп жооп берди. «Мисалы, соода 4 пайыз болсо, накталай эмес төлөм 2 пайызды түзөт», — деп кошумчалады ал.