Депутат: «Педофилдерге өлүм жазасын берип, же бычып салса деле туура болмок»

Кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев баштаган депутаттардын тобу «Жазык кодексинин мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.

Мыйзам долбоорду талкуулап жатышып, депутат Дастан Бекешев педофилдерге химиялык кастрацияны киргизиш керектигин айтты. «Айрымдар керек болсо түрмөдөн коркпойт, кастрациядан коркот», — деди ал.

«Негизи буларга өлүм жазасын берген туура болот эле. Бирок Баш мыйзамда жок экен. Негизи мындай адамдарды бычып деле салса жарашат. Сунуштарыңызды экинчи окууга бериңиздер, механизмди ойлонуш керек», — деди Маматалиев.