Депутат президенттин уулу Рустам Жапаров саясатка аралашууга аракет кылып жатат деп кооптонууда

Депутат Дастан Бекешев Telegram-каналында президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам саясий платформа курууга аракет кылып жатканын жана Бишкектеги түрдүү кофейняларда талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыкты. 

Эл өкүлүнүн айтымында, бул тынчсызданууну жаратат. Ал мамлекет башчысынын уулу саясатка аралашпашы жана кысым көрсөтпөшү керек деген оюн билдирди. «Биз мурунку эки президенттин жогорудагыдай кайгылуу аракеттери кантип аяктаганын билебиз. Биздин президент муну токтотот жана үй-бүлөлүк кеңеште алар акылдуу чечим чыгарат деп үмүттөнөм», — деп жазды Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.