Депутат жаңы министрлерге: «Аянтка чыгып, дар коюп, жипти тиктеп туруп, ант берип көрүңүздөр»

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Садиков ант берүү бул касам ичүү экенин билдирди.

«Менин каалоом бир аз ачуу болсо кечирим сурайм. Кыргызда бир жакшы макал бар. «Көр чукурга бир жолу түшөт» деген. Биз 30 жылда 30 жолу түштүк. Сиздер кайсы тарапка жетелеп баратасыңар — белгисиз. Буйруса, бир аз убакыттан кийин ишиңиздерди ант берүү менен баштайсыздар. Ант берүү бул касам ичүү деп түшүнөм. Биз ушул жерде көптөгөн министр, премьер-министрлердин касам ичип келгенин көрдүк. Бирок бирөөнүн башы калган жок. Эгер эр жигиттин оозундагы анты ыйык экенин сезбесеңер, неге ант бересиздер? Эгер андай болсо, аянтка чыгыңыздар, ошол жерге дар коюп, эки метр жипти тиктеп туруп, ант берип көрүңүздөр. Ошондо сезим болот бекен. Акылбек Жапаров, сиздин программаңызды көрдүк, ишке ашса экен деп сүйүнүп турабыз», — деди эл өкүлү.