Президент Садыр Жапаров алдыдагы парламенттик шайлоодо эч бир партияны колдобой турганын билдириши керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, байлар таасирдүү адамдардын кепилдиги астында чогулган эки чоң саясий уюм түзүлүүдө. «Алар тизме түзүп, талапкерлерден акча талап кылышат. Кээ бир саясий уюмдар мамлекет башчысынын атын колдонушат. Президент кайрылуу жасап, шайлоо өнөктүгүндө баарына бирдей шарт түзүлөрүн жарыялашы керек», — деди ал.