Депутат: «Принцесса дури» бери жагы эле, мектепте наркотикалык конфеттер сатылат экен»

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев «Принцесса дури» боюнча үн катты.

«Кечээ «Принцесса дури»  деп ызы-чуу чыкты. Бул бери жагы эле. Атайын мектептерде наркотикалык конфеттер, клейлер сатылат экен. 8-мартта балдар кыздарга электрондук тамеки белек кылышыптыр. Ушундай көрүнүштөр мектептерде көп учурап жатат. Ушуну өзүнчө карап койсок», — деди депутат.

26-мартта социалдык тармактарда күрөөчүлөр делген жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Кечээ, 4-апрелде аталган кылмыш боюнча 3 шектүү кармалган.