Депутат Рада Туманбаева бир агенттик бөлүнүп эки башка министрликтерге карап калышын сынга алды

Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Рада Туманбаева Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги бөлүнүп, эки башка министрликтерге карап калганын айтып, сындап чыкты.

Анда ал Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги өзүнчө бир бүтүн системадагы агенттик экенин айтып, аны экиге бөлгөндө максаты жоголуп, чоң система бузулуп жатканын айтты.

“Аткаруу бийлигин оптимизациялоо максатында жасалып жаткан иштердин натыйжасында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги да экиге бөлүнүп, жарымы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, жарымы Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өтүп калган. Бул деген бир чоң система болсо, эмнеге экиге бөлүнүп жатат? Анда экологияга байланыштуу тармактардын баарын бир министрликке чогултпайсыздарбы?”, — деп айтты Туманбаева.