Депутат Равшанбек Сабировго Ноокатта жөлөк пул көйгөй жаратып жатканын айтты

Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов жөлөк пул маселесин көтөрдү.

«Ноокат району боюнча жөлөк пул эң чоң көйгөй болуп келет. Суроолор да көп. Кийин келсеңиз, чогуу отуруп берчү сунуштар бар эле», — деди депутат эмгек министрине талапкерлиги жактырылган Равшанбек Сабировго.