«Сиз «папин сын» эмессизби?» Депутат Мариповго ичи чыкпай жатканын билдирди

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.

Анын жүрүшүндө депутат Зарылбек Рысалиев Улукбек Мариповго бир нече суроо узатты.

Рысалиев: Сиз өзүңүздү күчтүү кадр катары сезесизби?

Марипов: Менин кандай кадр экенимди сиздер баалайсыздар. Менин ниетим абдан күчтүү.

Рысалиев: Басып өткөн жолуңузду карасак, чү дегенде эле Финансы министрлигинен баштаптырсыз. Андан кийин президенттин аппараты, Эсептөө палатасы. Менде бир ой жаралат да. Сиздин акчага болгон сүйүүңүз канчалык?

Марипов: Менин акчага болгон сүйүүм жок.

Рысалиев: Орустарда сөз бар, «папин сын», «мамин сын» деген. Сиз «папин сын» эмессизби?

Марипов: Мен атамдын фамилиясын булгагым келбейт.

Рысалиев: Атаңыздын аркасы менен ушундай жерге келе жаткан жоксузбу?

Марипов: Атамдын берген тарбиясына абдан сыймыктанам. Бирок кайсы жерде иштебейин өзүмдүн принциптерим менен иштеп келе жатам.

Рысалиев: Садыр Нуркожоевич кыйынчылыктарды башынан өткөргөн адам. Басып өткөн жолуңузду карасак, сиз бир дагы кыйынчылыкты башыңыздан өткөрбөптүрсүз. Дайыма курсагыңыз ток, иштеген жериңиз таза, жылуу экен. Анан премьер-министрликке бара жатасыз. Кандай болуп калат? Кандай иштей аласыз? Менин сизге ичим чыкпай жатат деп эле айтайынчы.

Марипов: Мактаган адамдардан корком, сын айтканды жакын адам катары сезем.

Рысалиев: Садыр Нуркожоевич инаугурациясында айтты эле, кабыргамды кайыштырып, жанымды ачыштырат деп. Ошондой кадрлар биздин катарыбызда миңдеп саналат. Сиз ошолордун катарына кирбейсизби?

Марипов: Мен сиздин сурооңуздун түпкүрүн абдан жакшы түшүнүп турам. Бардык маселелер боюнча кабарым бар. Мен деле эс алып, же болбосо оор кезде эмнеге келе жатасыңар деген сөздөр көтөрүлүп жатат. Мен деле адаммын. Өзүңүз айткандай, мамлекет мага 20 жыл убактысын инвестиция кылды, тарбиялады. Мен мамлекетке карызмын. Сиздер колдоп берсеңиздер толук кандуу иштегенге даярмын.

Рысалиев: Эл керек десе ылай тепсеп, бок мыкчый аласызбы?

Марипов: Албетте, мен өтүк кийип чоңойгон жигитмин.