Депутат Момбеков УКМК тарабынан суракка чакыртылганын тастыктап, бирок чакыруу кагазын колуна ала электигин айтты

Депутат Рыскелди Момбеков УКМК тарабынан суракка чакыртылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине эл өкүлү өзү билдирди. Анын айтымында, кечээ, 31-майда УКМКдан депутатка телефон чалуу болгон. Анда эл өкүлүн суракка чакыруу тууралуу маалымат айтышкан.

«УКМКдан чалышып, «Сиз суракка чакыртылдыңыз. Чакыруу кагазын жиберели, үйүңүздүн дарегин бериңиз» дешти. Мен жашаган үйүмдүн дарегин берип койдум. Азырынча күбө катары сураламбы же башкабы билбейм. Кагаз колума тие элек да. Чакыруу кагазы колума тийсин анан барам», — деди ал.