Депутат: «Сабиз 70 сомго чейин, картошка 55 сом, өсүмдүк майы 750 сом… Эл өтө кыйналып турат»

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова азык-түлүктүн баасы жогорулап жатканын айтып, бааларды жасалма жол менен көтөрүү болуп жатканын божомолдоду.

«Сабиздин баасы 50 сомдон 70 сомго чейин экен. Ошол эле Өзбекстанда 25-30 сом. Картошка 55 сом, эскилери деле 45-50 сом. Кой эти 550 сом экен. Суу майды 750 сом дейт. Орусияда эң кымбаты 430 сом экен. Күйүүчү майдын баасы да өтө көтөрүлүп кетти. Ушул маселелерге жакшы көңүл бөлбөйлүбү. Себеби эл өтө кыйналып турат. Мына маршруткалардын жоктугунан улам болуп жатабы, базардагы бааларды салыштырып келсе, 15-20 пайызга чейин түшкөн. Бул деген «искусственное завышение» эмеспи? Карабайлыбы», — деди ал.

Ал мындан тышкары, 2 күндөн бери маршруттук таксилердин айдоочуларынын ишке чыкпай жатканына түздөз-түз мэрия жооп бериши керек дейт. Анын айтымында, бул көйгөй буга чейин эле болуп келген.