Abank_june
SerepTV Logo

Депутат шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат

Депутат шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат
"4-июнда шайлоо мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине берген сунуштарымды чакыртып алып, коомчулуктун жана эксперттик чөйрөнүн пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоорун кайрадан толуктап иштеп чыктым". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2026-жылдын 22-июнунан тартып коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорундагы жаңы сунуштардын бири — азыркы мыйзамдагы депутаттыкка талапкер акыркы беш жыл ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган болушу керек деген талапты алып салуу. Бул өзгөртүү чет өлкөлөрдө жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештерибизге Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөйт.

Ошондой эле, буга чейин берген сунуштарыма ылайык мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралган:
• депутаттыкка талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине төгө турган шайлоо күрөөсүн эки эсеге азайтуу (азыркы 300 миң сомдон 150 миң сомго чейин);
• шайлоо фондунун эң жогорку чегин 20 миллион сомдон 10 миллион сомго чейин төмөндөтүү;
• үгүтчү бир шайлоо округунун чегинде бир гана талапкерге же бир гана саясий партияга иштей алышы керек деген талапты киргизүү;
• талапкердин теледебаттарга катышуудан негизсиз баш тартканы үчүн жоопкерчилик чараларын караштыруу.