Депутат Саламаттыкты сактоо министрине талапкердин туулган жери жазылбаганына нааразы болду

«Бизге өмүр баяны берилип, анда каякта иштегени жазылып, бирок киндик кан тамган жери жок экен». Бул тууралуу депутат Акылбек Түмөнбаев Гүлнара Баатырованын Саламаттыкты сактоо министрине талапкерлиги каралып жатканда билдирди.

«Же кийинки учурда жазбай калдыкпы?» — деп сурады депутат.

«Мен Өзгөн районунда төрөлгөм. Бөлүнгөндөн кийин Совет району болуп калды. Азыркы Кара-Кулжа районунан болом», — деди Баатырова.

«Мындан кийин жазып койгула», — деди президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө эл өкүлү.