Депутат: «Салыкчылардын унааларын, үйлөрүн, кийимдерин карагыла. 12 миң сом айлык менен кантип?»

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Самат Исманов ар бир аймактык салык органдарында абийирсиз кызматкерлер бар экенин айттыАнын айтымында, ишкерлер мындай салык кызматкерлеринин шарттары менен кызматташууга макул болбосо, анда аларды акырына чейин кыйнашат.

«Бизде канча майда ишканалар бар. Алардын жарымында патент жок болсо, жарымында бар. Патент жокторунун бардыгы ошол инспектордун чөптөгүнө кетет. Салыкчылардын айдаган унааларын, жашаган үйлөрүн, кийген кийимдерин карагыла. Кантип 12 миң сом айлык менен анча? Чындыкты айтышыбыз керек да», — деди ал.