«Аймактарды бириктирип жатканда аты, аймактык бөлүнүшү туура эмес болууда. Мисалы, Көлдө Тору-Айгыр, Тамчы айыл өкмөтү бириктирилди, Тору-Айгыр К.Тыныстанов атын бергиле десе, Тамчы чыгат, И.Ахунбаев, Б.Миңжылкыевдин ысымын бергиле дейт. Бул сыяктуу нерседе ортолукка келип, чечим кабыл алыш керек. Мындай маселе бардык аймактарда бар, бул элдин үнү, эл менен эсептешпесек чекилик болот”. Бул пикирди депутат Мирлан Самыйкожо административдик-аймактык реформаларга байланышкан мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеште кароо учурунда билдирди.
Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...












