Депутат Самыйкожо: «Эл жөн жерден казиного каршы болбойт»

Казиного каршы болуп жаткан депутаттардын баарын толук билчү эмесмин. Мен бирөө менен да сүйлөшкөн жокмун. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Макул болгула» деп мени эч ким мажбурлаган жок. Менин өзүмдүн гана добушум бар. Менин добушум, менин округумдагы 100 миң адамдын добушу деп эсептейм. Ошол үчүн «каршы» добуш бердим», — деди ал.

Ал казиного эмне үчүн каршы позицияда турарын түшүндүрдү. «Эгемендүү мамлекетпиз. Биздин элибиз бар. Жарандар өз пикирлерин соцтармак аркылуу билдиришти. Биз аны укпай койгонго акыбыз жок. Бизди элдин үнүн жеткирсин деп шайлашты. Ошол үчүн элдин пикири менен эсептештик. Эл буга жөндөн жөн каршы болбойт», — деди ал.