Депутат Самыйкожо Жумгалдын акиминин кызматтан алынышына нааразычылыгын билдирди

Бүгүн, 9-мартта депутат Мирлан Самыйкожо Жумгал тургундарынын атынан район акиминин кызматтан алынышына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Мирлан Самыйкожо жакында эле акимдин бошотулушуна каршы болгон Жумгал районунун тургундарынан 10дон ашуун кайрылуулар келгенин маалымдап, райондордун акимдерин дайындоо жана бошотуу критерийлерине кызыкты.