Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан четтетилишинен саясат издебеш керек. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.
«Муну мен жөн гана иштөө процесси катары кабыл алам. Мамлекеттеги тышкы жана ички саясатты президент өзү мойнуна алган. Президент ошол учурда убактылуу четтетүү туура деп ойлогон окшойт. Ал ушундай жыйынтык чыгарыптыр. Анын чечимин талкуулабаш керек. Бул жерде саясат жок. Ал жерде балким президент Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинде башкы прокурордун кызыкчылыгы бар деп калса керек», — деди эл өкүлү.