Депутат: «Саясатта аялдарга кысым күчөдү»

Кечээ, 25-апрелде «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги» аттуу улуттук форум өтүп, ага саясатта, ишкердикте, медиада жана башка  тармактарда ийгиликтерге жетишкен лидер айымдар чакырылды.

Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Шарапаткан Мажитова журналисттерге берген интервьюсунда бүгүнкү форумдун максаттары жана өзгөчөлүгүнө токтолду.

“Биз буга чейин республиканын дээрлик бардык аймактарына барып, жер-жерлерде аялдар форумун өткөрдүк. Байкаганыбыздай, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөдү. Саясатта, коомдо аялдарга кысым жогорулады. Бул чакырыктар менен баарыбыз чогуу күрөшпөсөк натыйжа болбойт. Бүгүнкү форумда мурда айтылган көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштейбиз жана натыйжалуу ыкмаларын табууну талкуулайбыз”, — деди ал.