Депутат Шайлообек Атазов: «Баарыңарга жагыш үчүн мен доллар эмесмин»

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов кесиптеши Айсулуу Мамашова менен болгон окуя боюнча Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын лидерин алмаштыруудагы пикир келишпестиктен кайым айтышуу болгон. Парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Мен Айсулуу Турусбековна менен эч кандай урушкан жокмун! Бул жерде анын артына бекинген депутаттар менен пикир келишпестик болуп кеткен. Ошол учурда бөлүштүрүү максатта мага келип колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр. Биз партиялаштар бир нече минуттан кийин баарыбыз чогулуп стол үстүндө чечишип, кечиришип алганбыз. Иш болгон жерде, талаш-тартыш да болот экен.

Кээ бир бейөкмөт уюмдар ушул жерде да жумурткадан кыр издеп, мени каралоо менен алектенип жатасыздар. Ар дайым силер каалагандай болуп жүрүш үчүн, баарыңарга жагыш үчүн мен доллар эмесмин!» — деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.

23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары кайым айтыша кетишкен. Анда эки жаат болгон Айсулуу Мамашова менен Шайлообек Атазовду башка эл өкүлдөрү ажыратып калышкан. Мындан улам соцтармактын колдонуучулары аял кишиге карата жасаган мамилесинен улам экинчи депутат сынга алынган.