Депутат Атазов «качан курттардан тазаланабыз?» деп суроо салды

Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов 85 жаштагы улгайган аялдын маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, аял баатыр эне жана көзү жакшы көрбөйт. Шаар мэрлиги аялга үй берүүнү убадалашкан, бирок алмашып кетип жатышат. «Майыптардын ырыскысына кол салган чиновниктерге баа берилиши керек. Биз депутат болгучакты «эмне үчүн мамлекет өнүкпөйт» дей берчү элек. Көрсө, мамлекетти өнүктүрбөгөн топтор, курттар бар экен. Кайсы президент келсе, ошонун айланасына топтолуп алган курттар. Качан ушундайлардан тазаланабыз?» — деп суроо салды ал.