Депутат Шакиев Талант Мамытовдун спикер болууга моралдык укугу жок деп эсептейт

Акыркы 10 жылда Жогорку Кеңештин аброю мурда болуп көрбөгөндөй түштү. Карапайым калк үчүн театр сыяктуу көрүнүп калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш эң бийик трибуна, бирок азыркы учурда эң төмөнкү кеңешке түшүп кетти. «Буга Жогорку Кеңештин акыркы 10 жылдагы төрагаларынын түздөн-түз салымы бар. Ошол кездеги бийликке кошомат кыла берип, ушундай деңгээлге түшүрдү. 6-чакырылыш андан да жаман болду. Жогорку Кеңештин даражасын көтөрүүчү бул төрага. Мен ачыгын айтайын, Адахан Мадумаров убагында кадырын көтөргөн. Бирок кийинки төрагалар абдан түшүрүп коюшту», — деди ал.