Депутат Шаршенбек Абдыкеримов Дубайда бооруна операция жасатты

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Шаршенбек Абдыкеримовго боорду алмаштыруу боюнча операция жасалды. Бул тууралуу анын жакындары билдиргенин айтып, жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, операция Дубайдагы (Бириккен Араб Эмираттары) жеке клиникалардын биринде жүргүзүлгөн. Учурда депутат реанимацияда, анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын айтымында, Шаршенбек Абдыкеримов көп жылдардан бери бор оорусу менен жабыркап келген. Кыргызстандын дарыгерлери ооруну дары менен айыктыруу мүмкүн эместигин айтышып, ага чет элдик клиникалардан операция жасатууну сунушташкан.

Белгилей кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов коомчулукта алкоголдук империянын падышасы катары белгилүү. Ал «Аю Холдинг» заводунун негиздөөчүсү. Депутат учурда 49 жашта, беш баласы бар. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты. 2011-жылы ал «Республика» партиясынан талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми алтынчы чакырылышка «Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча өткөн.