Депутат: «Ширшов рублду доллар менен еврого алмаштырып, чет өлкөгө чыгарып жатат»

«Рубль долларга, еврого алмаштырылып, Кыргызстандан чыгарыла баштаган учурлар көбөйдү». Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, Финансылык чалгындоо кызматы Кыргыз-Швейцария банкынын эсебиндеги жүздөгөн миллион долларларды камакка алган. Депутат бул дагы бир “Ширшовдун схемасы” деп эсептейт.

Буга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш мындай фактыларга байланыштуу чаралар көрүлүп, анын жардамы менен которуу кайсы валютада жүргүзүлсө, ошол валютада гана алынарын билдирди. Депутат рублду алган адам барып башка акча алмаштыруучу жайга алмаштырса эмне болорун сурады. Нурбек Жеңиш мындай да болушу мүмкүн деп жооп берди.

Депутат бул Алексей Ширшовдун Кыргызстандан акча чыгаруу схемаларынын бири экенин ар кайсы булактардан угуп жатканын билдирди. Ал Ширшов Орусиядан рубль алып келип, доллар, еврого алмаштырып, анан алып чыгып кетет деп эсептейт.