Депутат: «Ширшовдун убагындагыдай жарык өчүрүлүүдө. Аны «плановый» деп атап алышыптыр»

Айрым ЖМКларда жазылып кетпедиби «Ширшов (ред. бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин тар чөйрөсүнүн көмүскөдөгү кардиналы атыккан Алексей Ширшов) келип, тигил менен, бул менен жолугуптур» депчи. Ширшовдун келгени чатак эмес. Кептин бардыгы анын схемасында. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков айтты.

«Кеп Ширшовдун таманында эмес, кеп Ширшовдун заманында. Кеп Ширшовдун кадамында эмес, кеп Ширшовдун адамында», — деди ал.

Анын айтымында Ширшовдун заманындагыдай өчүрүүлөр башталды. «Мына Ширшовдун убагындагыдай «веерный» өчүрүүлөр башталды. А булар аны «плановый» деп атап алышыптыр. Ким ишенет? Азыр Чүйдүн жарымында жарык жок. Ремонт дейт. Ремонтту июнь, июль, августта кылыш керек да. Өздөрү «биз жөн эле имитация кылып жатабыз» деп айтып жатышат», — деди ал.