Депутат Алиев: «Соцтармакта «циркке кирсең деле акча төлөйсүң, кээ бир депутаттарга акча бериш керек» деп жатышат»

«Соцтармакта бир активдүү колдонуучу «циркке деле акча төлөп киресиң, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына шоу кылып жатканына акча бериш керек» деп жазыптыр», — деди жыйында депутат Медер Алиев.

«Мен юрист болгонума байланыштуу жакшы билем да. Адахан Кимсанбаевич, өзүңүз билип туруп, эмнеге шоу кылып жатасыз? Регламентте норма ошондой. Регламент туура эмес болуп жатат. Бирок Адахан мырзанын жалгыз сабаттуу болгону өкүндүрбөй койбойт. 5 колуңуздай билесиз, уят да», — деди Алиев.

Ал эми вице-спикер «мыйзамды бирөө айтып бергидей, сиз кимсиз?» деп Мадумаровго кайрылды. «Билип алыңыз, өзүңүз. Компьютерден караңыз», — деди вице-спикер.