Депутат: «Сомдун курсун көрүп жатасыңарбы? Пенсияны токтоосуз көтөргүлө»

«Сомдун курсун көрүп жатасыңарбы? Пенсияны токтоосуз көтөргүлө». Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди.

«Буга чейин өкмөттүн 1-апрелден пенсияны көтөрөбүз деген маалыматы чыкты эле. Азыр 1-октябрдан деп жатасыңар. Эмне колуңардан келбей калдыбы? Пландар өзгөрдүбү? Социалдык фонддун жетекчилери, силер дүйнөдө эмне болуп жатканын, сомдун курсун көрүп жатасыңарбы? Анализ барбы же жокпу? Октябрга чейин эч нерсе болбойт деп жатасыңарбы? Убакыт бар, тез арада карап чыгып, апрель болбосо, майга чейин болсо да алып келгиле. Тамак-ашка болгон баанын көтөрүлгөнүн эске алыш керек. 24-февралдан кийин баары өзгөрдү. Пенсияны токтоосуз көтөргүлө. Эртең пенсия 1 кап унга жетпей калышы мүмкүн», — деди депутат.

Социалдык фонддун жетекчилери өкмөттө каатчылыкка каршы план каралып жатканын, ага ылайык, пенсияны көтөрүү чечилери жана бюджетке өзгөртүү-толуктоолор киргизилерин билдиришти.