Депутат: «Сооронбай Жээнбеков кан досун Алмазбек Атамбаевди каматканда дүйнөгө шерменде болгонбуз»

«Айрым депутаттар Кыргызстандын тарыхында массалык түрдө кармоолор болгон эмес деп бурмаланган маалыматтарды берип жатышат. Эсиңерге салып коёюн. 2019-жылы 8-9-августта Сооронбай Жээнбеков президент мезгилинде кан досун, мурдагы президентти Алмазбек Атамбаевди алып келип, камабады беле?!» — деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев.

«Колу-бутун кайрып, камабады беле, бүткүл дүйнө жүзүнө шерменде кылып! Ошол камоонун негизинде 1 жоокер каза болуп, Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов майып болду. Азыр коляскада отурат. Бул эмне тарых эмеспи? Ошол кесиптешиме айтат элем, ошол учурда Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп, өзү эмес күчүгүн сиз деп отуруп, бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун пальтосун кийгизип жүрбөдү беле?! Ошондо ошол кесиптешибиз тышкы иштер министри болчу. Андай баатыр болсо, мекенчил болсо, кармоолор орой болду деп айтпайт беле?! Ушул жагын бир аз калыс карасак»,- деди ал.

Сооронбай Жээнбековдун тушунда тышкы иштер министри, учурда Жогорку Кеңештин депутаты бул — Чыңгыз Айдарбеков.