Депутат Сурабалдиева үч аптадан бери 4 миллиард сом насыяны кимдер алганын биле албай жатканын айтты

Депутат Эльвира Сурабалдиева үч аптадан бери 4 миллиард сом насыяны кимдер алганын биле албай жатканын айтты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Үч жумадан бери Каржы министрлиги 4 миллиард сомго жеңилдетилген насыя алгандардын тизмесин жеткире албай жатышат. Бул калктын карызын кечүүгө пландап жаткан сумма. Өткөн чакырылышта мен 2,5 миллиард сомго мындай эсептен чыгарууну үч жолу токтотком, анткени ал тизмеде жогорку кызматтагы адамдардын компаниялары жана алардын достору бар экениндиги ачыкка чыгып калган. Ошондуктан азыр 4 миллиард акча алгандардын тизмесин дагы бир текшерип чыгууну туура көрдүм. Чындап эле карапайым калк 200 миң сомдон алыштыбы эле? Кандай шарт жана критерий менен алышкан? Мына июнь айынан бери комитет бул мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жаткандан бери насыя алуучулардын тизмеси бизге такыр жетпей койду. Мындай мамиле эмнени билдирет деп эсептейсиңер?» — деп жазылат депутаттын бидирүүсүндө.