Abank july
SerepTV Logo

Депутат Сузакта сабалган окуучу кызга психологиялык кысым болуп жатканын айтты

Депутат Сузакта сабалган окуучу кызга психологиялык кысым болуп жатканын айтты
Сузак районунда мугалим менен окуучунун ортосундагы чыр-чатак чыккан. Ошол окуучуга психологиялык кысым болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева билдирди. "Азыркы учурда ал стационарда жатат. Кыздын ата-энеси оорукчан. Мугалимдерден, райондук администрациядан кысым болуп жатыптыр. Мен ойлойм, мугалимдин да, окуучунун да укугун тебелебешибиз керек", - деди ал.