«Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад боюнча чечим кабыл алууга мораторий жарыялай турууну сунуштады. Бул демилгеге карата башка депутаттардын пикири кандай экенин сурадык.
Депутат Бактыбек Сыдыковдун айтымында, Кыргызстан өзүнчө мамлекет болгондуктан, чек ара маселесин чечиш керек. «Кемпир-Абад болобу, башка болобу, Жогорку Кеңеш баарын карап чыгышы керек. Мораторий жарыялоо болбойт. Мамлекеттин мамлекет экенин чек ара көрсөтөт. Чек арасыз мамлекет мамлекет эмес. Чек араны карашыбыз керек», — деди ал.