Депутат Сыдыков: «Кеңсемди жасалгалоого 500 миң сомдой эле акча кетти»

«Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабыздын кезектеги каарманы Бактыбек Сыдыков жана анын кабинети болду. «Ал — Ак Үйдө эң кооз жасалгаланган кеңсе» деп узун сөз болуп келет. «Дизайндын идеясына өзүм автормун. Эски кабинеттен эмне калганын издеп көрүш керек экен» деген эл өкүлү иш бөлмөсүн көрсөттү.

«Кесибим боюнча инженермин. Бир аз чыгармачыл жайым бар. Эмеректердин баарын эле дүкөндөн сатып алдым. Кеңсени өзүбүздүн усталар жасады. Баалуу деле нерсе жок. Анча-мынча кооздоп койгонбуз», — деди ал.

Ал ошондой эле кеңсени жасалгалоого 500 миң сомдой акча кеткенин айтты. «Көп деле акча коротулган жок. 500 миң сомго жакын акча кетти го дейм. Уулум жеке ишкер, эмеректерди ошол белек кылды. Канчага алганын деле билбейм. Үйдө кеңсем жок. Үйдө аялым менен сүйлөшөм, неберелериме көңүл бурам. Иштин баарын жумуштан бүтүрүш керек», — деди эл өкүлү.