Депутат Сыдыков: «Мамлекеттин казынасынан бир тыйын алынбагандан кийин Ак үй курулушу керек»

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада жаңы Ак үйдүн курулушуна капсула салып, бирок бул окуя коомчулукта талкуу жаратты. Анда мамлекет башчысынын бул кадамы анын буга чейин «Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам» дегенине каршы келерин билдиришти.

Көп өтпөй «Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың» деген өлкө башчысы анын курулушуна мамлекеттин бир тыйын акчасы кетпегенин жана анын курулушунун баасы 16 гектар жерге алмашылып жатканын айтты. Президенттин бул билдирүүсү талкууну ого бетер күчөттү. Мындан улам депутаттарга «Жаңы Ак үйдүн курулушу азыркы кырдаалда керек беле же жокпу?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Бакытбек Сыдыков жаңы Ак үйдүн курулушун колдорун айтты. «Мамлекеттин казынасынан бир тыйын алынбагандан кийин мындай үйлөр курулушу керек. Качанкыга чейин дурус имарат болбойт. Мен муну туура көрдүм. Эч кандай каршылыгым жок»,- деди ал.