Депутат: «Тажикстан агрессиясын улантса, бул Путиндин бетине болгон түкүрүк болот»

Депутат Сүйүн Өмүрзаков туура айтып жатат, Тажикстан даярданууда. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев жыйында билдирди.

«Биздин коопсуздук орган билет болушу керек. Орто Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылгым келет. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда чыккан от жалгыз гана бизде калбайт, Орто Азияны өрттөйт. Ошол үчүн Орто Азиядагы туруктуулук Кыргызстан менен Тажикстандан башталат. Эгер бизде согуш болсо, Орто Азия да тынч калбайт. Эгер Тажикстан агрессиясын улантса, Путиндин бетине болгон түкүрүк болот. Жакында эле ага Путин «туруктуулук үчүн» деген орден берди. Ошону алып окоп казып жатса туура эмес. Биз дагы эле жалгызбыз», — деди ал.