Депутат Улан Бакасов Жогорку Кеңештин жыйынында Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Нарын облусунун жоокерлеринин тизмесин окуду.
«Нарын жергесинен чыккан баатыр жоокерлеринин атын атабасам болбойт. Баары чек ара кызматкерлери», — деди ал.
- Улук сержант Апсамат Жекшенбеков, Ат-Башы районунун Терек-Суу айылы;
- Улук сержант Нурсултан Жаныбеков, Нарын районунун Оттук айылы;
- Улук сержант Азамат уулу Бейкут, Нарын районунун Эчки-Башы айылы;
- Катардагы жоокер Мирлан Какеев, Нарын районунун Куланак айылы;
- Улук сержант Иманбек уулу Жеңишбек, Жумгал району Миң-Куш айылы.











