Депутат Талас менен Чүйдө сүттүн баасы 34 сомдон 26 сомго түшүп кеткенин айтты

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Талас менен Чүй облусунда сүттүн баасы маселе жаратып жатканын айтып чыкты.

«Мал менен алек болгон үй-бүлөлөрдүн нааразычылыгы сүт маселеси. Жаз келери менен сүт өндүрүүчү ишканалар баасын түшүрүп салды деген митингдер болуп жатат. Муну чечип берсек болот эле. 1 ай мурун баасы 32-34 сом болсо, апрель айынын башында 26 сомго түшүрүп салды. Муну маморгандар текшериш керек. Уй бакканга да каражат керек да. Сүт бул үй-бүлөлүк киреше. Элдин чөнтөгүнө оор болуп калды», — деди эл өкүлү.