Депутат Талиева: «Айыл жеринде аутизм оорусуна чалдыккан балдардын ата-энелери абдан кыйналып жатат»

Айыл жеринде аутизм оорусуна чалдыккан балдардын ата-энелери абдан кыйналып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Камила Талиева айтып чыкты.

«Шаар жеринде программа жок болгонуна байланыштуу менчик өнүктүрүү борборлоруна алып барышат экен. Ал жердин баалары кымбат. Ошол үчүн башка өнүккөн өлкөлөрдүкүндөй инклюзив программасын илимий изилдеп, балдарга программа түзүп, жөнөкөй балдарга аралаштырып окуутууга мүмкүнчүлүк түзүү керек», — деди ал.