Депутат Ташиев: «Пандемияда мындан чоң каатчылык болгон. Ага деле чыдадык»

«Пандемияда мындан чоң каатчылык болгон. Ага деле чыдадык». Бул тууралуу SUPERTV‘нын «Собол тайм» рубрикасынын алкагында жооп берип жатып депутат Шаирбек Ташиев айтты.

Соңку күндөрү өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. «Бул жаатта бийликтин жүргүзгөн ишине депутаттар кандай баа беришет? Эл түшкөн дүрбөлөңгө алар же үй-бүлөсү да түшүп, базарга барып, азык-түлүктү бастырып сатып алдыбы?». Ушундай суроо менен депутаттарга кайрылдык.

«Өкмөт да «30 жылдан бери мындай резерв топтолгон эмес» деп маалымат берди. Убактылуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Азыркы запас жетиштүү убакытка чейин жетет экен. Айрым алып-сатарларды көзөмөлгө алуу керек. Биздин үй-бүлө ажиотажга алдырган жок. Эки жыл мурда пандемияда мындан чоң каатчылык болгон. Ага деле чыдадык. Азыр шүгүр», — деди Ташиев.