Депутат Таштанбеков УКМКнын төрагасы Ташиев эмне үчүн көзүн кысканын айтты

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада эмне үчүн көзүн кысканын айтты.

«Бая күнү Жогорку Кеңешке өкмөттүн мүчөлөрү келгенде генерал Ташиев көзүн кыскан эле. Ошону ушул жерде отургандардын көбү түшүнбөй калды окшойт. Финансы министрлиги менен Энергетика министрлигинен келгендерге «Акбөкөндүн акчасын берип койгула» деп көзүн кыскан. Ошону алар түшүнбөй калды окшойт», — деди депутат.