Тазабек Икрамов Акылбек Жапаровдон качан отчёт берерин сурады

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы болду. Анда төрага Талант Мамытов сессияны ачык деп жарыялады. Депутаттарды куттуктоо үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди.

Депутат Тазабек Икрамов Акылбек Жапаровдон «Отчёт бердиңизби же эмне болду? Биз түшүнбөй калдык» деди. Ал көйгөйлөрдү айтып, андан Жогорку Кеңешке качан келерин сурады.

Талант Мамытов Акылбек Жапаровдун куттуктоо сөзүн айканы келгенин белгиледи.