Депутат Тазабек Икрамов: «Иш столумда такай Куран жана макал-лакаптардын китеби турат»

Иш столумда такай Куран жана макал-лакаптардын китеби турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабызга маек берип жатып билдирди.

«Столумда кагаздар көп болот. Кайрылуулар келет. Бир аз иреттеп койдук. Өзүм эле иретке келтирип алам. Керектүү нерселерди жардамчыларым алып келип турат. Мен окуган соң, жөнөтөбүз. Ал эми шкафта мурдагы чакырылыштан калган сүрөттөр жана дипломдор бар», — деди ал кеңсеси менен тааныштырып жатып.

Ал ошондой эле Октябрь окуясында көп сыйлык жана белектер жоголгонун айтты. «Тополоңдо көп нерсе талкаланып, жок болду», — деди ал.