Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов кечээ Ак Үйдүн алдында кармалып, кийин бошотулган укук коргоочу Азиза Абдирасулова боюнча үн катты.
«Кечээ элдин кыжырына тийген окуядагы укук коргоочу Азиза Абдирасулова боюнча кайрылуулар болуп жатат. Негизи Конституцияга каршы иш алып барып жатабыз. 39-беренеде жарандар чыгып, нааразычылыгын айтканга укуктуу деп жазылып турат. Буга карабастан ушул нерсеге барып жатабыз. Бул жакшы эмес. Бир топ аялдар кармалып отурат. 30 жылда мындай нерсе болгон эмес. Сөз эркиндигин сактайлы. Конституция менен иш алып барсак жакшы болот эле. Болбосо, Түркмөнстандын Конституциясын алып келип, кабыл алып берип, ошол менен иш кылалы», — деди ал.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жер астынан алтын кенин казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарада “Кумтөрдүн келечеги...
Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Жарлыкка президент Садыр...
Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол...
Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкцияларына жооп берип, кыргыз банктары Орусияга каршы батыштын чектөөлөрүн...
Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкцияларына жооп берип, кыргыз банктары Орусияга каршы...