Депутат Тазабек Икрамов: «Кыргыз тилин Америкадан келип 6 айда үйрөнүп жатышат»

Парламентте учурда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоору кызуу талкууланып жатат. Анын алкагында бир-эки маанилүү жагдай көтөрүлүүдө. Мындан улам депутаттардын позициясын билип көрөлү деп чечтик.

«Өз тилин билүү жакшы, ошол эле учурда пикирлеш, союздаш мамлекеттер бар. Алар менен да иштешип турабыз да. Орус тилдин экинчи тил катары киргени жаман эмес. Эң негизгиси тилибиз менен улутпуз, мамлекетпиз. Орус тилинин экинчи тил болуп киргенине да каршы эмесмин. Кыргыз тилин Америкадан келип 6 айда үйрөнүп жатышат. Бул адамдын өзүнөн. Ар дайым кыргыз тилинде сүйлөшөлү», — деди ал.