Депутат Тазабек Икрамов: «Орозодо Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам»

Депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактагы баракчасына ыйык Орозо айында Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирүүнү суранып, пост жазды.

«Орозо маалында кечиримдүү болуу, бирөөгө кыянаттык жасабоо, калп айтпоо жана башка Кудайдын жазган өкүмдөрү бар. Эгер чындап Жаратканга ишенип, андан корккондор болсо учурдан пайдаланып кыйшык иштерди түздөп алууга неге болбосун.

Айтайын дегеним, мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эжеке-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта олтурушат. Бийликтин душмандары башкалар. Ыйык Орозо айынын ар бир мүнөт соопчулугун текке кетирбей колдонуп калгыла. Ошондуктан, ооз ачып, бекитип коюу менен Орозонун милдеттерин аткардым деп ойлоп жатсаңыздар, жаңылышасыздар. Алла жазган мыйзамды айланып өтө албайсыңар. Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек», — деп жазды ал.