Депутат: «Азык-түлүк менен күйүүчү май кымбаттаса, элге кыйын болот»

Доллар көтөрүлүп, рубль ылдыйлап, бир аптадан бери валюталык рынокто абал туруксуз. Эл эртеңинен эмнени күтөрүн билбей турат. Мындай жагдайда өкмөт чукул түрдө кандай чараларды көрүшү керек? SUPERTV ушундай суроо менен депутаттарга кайрылды.

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, доллардын кымбатташы маселени кыйындатат. «Кайсы бир өлкөнү колдой коёбуз деп, санкцияларга түшүп калгыдай акыбал болбошу керек. 10 миңдеген жарандарыбыз ар кайсы өлкөдө жүрүшөт. Кымбатчылык болот. Баары бир доллардын кунунан көз каранды болгон нерсе көп. Тилекке каршы кийим-кечеден баштап, азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттаса, элге кыйын болот», — деди ал.