Депутат: «Тили сынган министрлер кыргыз тесттен кантип өтүп жатат?»

«Министрлер кыргыз тесттен кантип өтүп жатышат? Тили сынган министрлерди көрүп жатабыз», — деди депутат Мирлан Самыйкожо Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевге. 

«Таалуу жерден суроо берип жатасыз. Норма боюнча министр баш болуп кыргыз тесттен өтүшү керек. Өтүп жаткандары бар. Биз министрликтердин бардык аппаратына жат жазуу жаздырдык. Жыйынтыгын бердик. Биз ойлогондой баары катастрофалык абалда эмес экен. Жакшы эле жазып жатышат», — деди ал.

«Атасы жакшы киши эле деп өтүп кетпей элеби», — деди депутат.

«Тестте, жат жазууда андай болушу мүмкүн эмес. Дароо жазып, текшерилет», — деди Осмоналиев.