Адахан Мадумаров: «Тойдо отурган 5-6 саат убактың үчүн өкүнөсүң. Той ашып кетсе, 2 саат болуш керек»

Депутат Улукбек Ормонов той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Документ ысырапкорчулукка каршы жана пандемияга байланыштуу экендиги айтылат. Ага ылайык, үйлөнүү-үлпөт тойлоруна 200дөн 300гө чейин адам катышуусу керек. Маркумду акыркы сапарга узатуу ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз, куран окутуу 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлүшү шарт. Мыйзам долбоорунда бул талаптарды бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо, иштен алынат деп жазылган. Буга байланыштуу SUPERTV телеканалынын «Собол TIME» рубрикасынын алкагында депутаттарга кайрылдык.

Депутат Адахан Мадумаров бул той-аш өткөрүүнү мыйзам менен эмес, ыйман менен чектесек жакшы болмок деп эсептейт. «Бирок андай болбой жатпайбы. Аргасыздан ушул мыйзам демилгеленип жатса керек. Өчөшкөндөй болуп калдык. Заман канчалык тарып бараткан болсо, биздин той-аш көбөйүп кетти», — деди ал.

Ал той-аштарды негизи эле жакшы көрбөрүн, жакындарынын да тоюна барганды жактыра берберин айтат. «5 саат тойдо отурган убактың үчүн өкүнөсүң, жакшынакай маанайда ашып кетсе, 2 саат отуруш керек», — деди ал.