Депутат Токтогул суу сактагычынан Казакстанга берилген суу боюнча маалымат талап кылды

Бүгүн, 9-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Токтогул суу сактагычынан Казакстанга берилген суу боюнча маалымат талап кылды.

«Кечээ эле маалымат чыкты, 330 миллион метр куб сууну Казакстанга бердик деп. Ушул учурда бизге бир топ дыйкан, фермерлер кайрылышканда биз «суу аз, суу жок» деп айтканбыз. Кечээ эле мага чалышты «сиз алдаган турбайсызбы» деп. Менимче мага эле эмес, башка депутаттарга да кайрылышкан жана кечээ башка да депутаттарга чалышкан. Так маалыматты бергилечи качан биз сууну бергенбиз? Эмнени алдык? Токтогул ГЭС жазында иштейби же иштебейби? Айткылачы? Так айткылачы. Бизде так маалымат жок. Казакстандан канча электр энергиясын алдык? Анда эмне үчүн Түркмөнстан менен сүйлөшүп жатабыз», — деди ал.

Кечээ, 8-декабрда Улуттук энергетикалык холдинг Казакстан менен товар алмашуу болгонун, Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу энергетикалык компаниялары менен 2021-жылдын март айында электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишимге кол коюлганын билдирди