Депутат Токторбаев: «Биздин Экономика министринин 7 орун басары бар. Бул Өзбекстан менен Казакстандан да көп»

«Биздин Экономика министринин 7 орун басары бар. Бул Өзбекстан менен Казакстандан да көп». Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Мага коомчулуктан жана шайлоочуларым тарабынан мамлекетибиздеги министрлердин орун басарларынын көптүгүн, эч кандай жумуш жүргүзбөгөнүн айтып, нараазычылыктарын билдирип жатышат. Туура, аталган министрликтердин көзгө көрүнгүдөй, жүрөк жылыткыдай жумуш жасай албай жатканы чындык!
Эгер министрликтер алгылыктуу иш жүргүзүп, натыйжалуу жумуш аткарса дагы кошумча орун басарларды кошуп берүүгө каршы эмесмин, тескерисинче колдойм. Кана эми, 15 орун басар иштесе дагы мамлекетибиздин экономикасы дүңгүрөп өсүп, өнүгүп кетсе жакшы болбойт беле. Мисалы кошуна Өзбек Экономика жана финансы министрлигинде — 6 орун басары бар. ИДПсы 80 миллиард доллардын тегерегин түзөт. Казак Улуттук экономика министрлигинде — 4 орун басары бар. ИДПсы 200 миллиард доллардын тегерегин түзөт. А биздин экономика министрликте — 7 орун басарыбыз бар. ИДП 10,5 миллиард доллардын тегерегин түзөт. Бул көп орун басарлардын ишинен жыйынтык чыкпай жатат деген көрүнүш!» — дейт депутат.